ЖАРАНДАРДЫН КАЙРЫЛУУЛАРЫ КАРАЛДЫ

Бүгүн Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов жарандарды кабыл алды.
Кабыл алууда тургундар өздөрүн түйшөлткөн маселелер менен кайрылышты. Аким ар бир кайрылууну угуп, тиешелүү жетекчилер менен биргеликте маселелерди карады.
Жарандардын бир катар жергиликтүү маанидеги муктаждыктары жеринде чечилип, кошумча иш алып барууну талап кылган маселелер боюнча жооптуу кызматтарга тиешелүү тапшырмалар берилди.
Калктын көйгөйлөрүн өз убагында карап, мыйзам чегинде чечүү багытындагы иштер улантылат.

