РАЙОНДУН БАРДЫК АЙЫЛ АЙМАКТАРЫНДА ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ

0
    Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын жүзөгө ашыруунун алкагында,  2026-жылдын 19-сентябрында Өзгөн районунун бардык айыл аймактарында жалпы республикалык ишембилик өткөрүлдү.
      Ишембиликте  негизги Ош–Бишкек эл аралык унаа жолунун жээктери, ички көчөлөр, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин айланасы тазаланды. Ошондой эле бак-дарактардын түбү иретке келтирилип, таштандылар чогултулуп, санитардык тазалык иштери жүргүзүлдү.
       Иш-чарага мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, мекеме-уюмдардын, ишканалардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
      Ишембиликтин жүрүшүндө аймактарды тазалоо, көрктөндүрүү жана санитардык абалды жакшыртуу боюнча иштер аткарылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *