АЙМАК ТУУРАЛУУ

ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Өзгөн району — Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы административдик-аймактык бирдик. Райондун административдик борбору — Өзгөн шаары.

Өзгөн району 1928-жылдын 24-декабрында  түзүлгөн, 1943-жылдын 26-февралында Өзгөн районунан Мырза-Аке району ажыратылып түзүлгөн. 1958-жылдын 29-октябрында Мырза-Аке району жоюлуп, айыл аймактары кайрадан Өзгөн районуна кошулган. 1959-жылдын 26-ноябрында Куршаб району толугу менен Өзгөн районуна кошулган.

Жалпы аянты 3431 км² түзөт. — Өзгөн району Ош областынын чыгыш тарабында жайгашкан, жалпы аянты 3,4 миң км² ээлеп, республиканын жалпы аянтынын 1,7% түзөт.

Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1 025 метрден баштап, 2 000 метрге чейин жетет.

Жердин рельефи;  -тоолуу, райондун 60% тоолор ээлейт.

Район менен жалпы чек арасы бар өлкөлөр жана анын узундугу;  Район батышынан Кара-Суу району  менен чектешет. Түндүк жана түндүк-батыш тараптарынан Жалал-Абад облусу, Өзбек Республикасы менен, түштүк жана түштүк-чыгыш тарабынан Кара-Кулжа району менен, чыгыш тарабынан Нарын облусунун Ак-Талаа району менен чектешип турат.

Климаты; климаты мээлүүн, континенталдык. Жердин бийиктигине, рельефке карата айрым өзгөчөлүктөр бар.

Республиканын борборунан алыстыгы- 617 км

Облустун борборунан алыстыгы-61 км.

Ош шаары Жакынкы темир жол станциясынан алыстыгы-45 км.

Кара-Суу шаары. Деңиз деңгээлинен бийиктиги-1620 м.

Жакынкы аэропорттон алыстыгы-67 км. Ош шаары.

Административдик-аймактык түзүлүшү

 Өзгөн районунда:

  • 1 райондук маанидеги шаар — Өзгөн шаары
  • 12 айыл аймагы
  • 107 айыл
  • анын ичинен 9 айыл бийик тоолуу жана алыскы аймакта жайгашкан.

12 айыл аймагы:

  1. Баш-Дөбө
  2. Дөң-Булак
  3. Жазы
  4. Жалпак-Таш
  5. Ийри-Суу
  6. Кароол
  7. Куршаб
  8. Кара-Шоро
  9. Кызыл-Октябрь
  10. Мырза-Аке
  11. Салам-Алик
  12. Төрт-Көл.

Өзгөндүн тарыхы Кыргызстандын башка аймактарына салыштырмалуу өзгөчө терең.

Ал эми Өзгөн шаарынын тарыхы бир нече кылымдарды камтыйт.

Кыргызстандын тарыхый булактарында жана мамлекеттик маалыматтарда орто кылымдагы Өзгөн шаарчасы Кара-Дарыянын түндүк жээгинде жайгашкан мунара жана үч шахристандан турган. Караханийлер дооруна таандык бул эстеликтер XI–XII кылымдарга байланыштуу.

Расмий маалымат боюнча шаар VII–VIII кылымдарда пайда болуп, X кылымда Караханийлер мамлекетинин батыш бөлүгүнүн борборуна айланган. Шаар XVI кылымга чейин жашаган.

Өзгөндүн тарыхый маанисин Улуу Жибек жолу менен байланыштыргандыктан Өзгөндү жөн гана район борбору эмес, Фергана өрөөнүндөгү байыркы шаардык цивилизациянын маанилүү борборлорунун бири катары кароого болот.

Өзгөндүн дагы бир маанилүү тарыхый-руханий мурасы — Имам Сарахсинин күмбөзү .

Имам Сарахси — Борбор Азиядагы белгилүү ислам укук таануучуларынын бири. Анын Өзгөндөгү күмбөзү тарыхый жана диний мааниге ээ.

Акыркы жылдары Имам Сарахсинин күмбөзүнө зыярат кылып келген туристертин саны арбууда. Бул аймакта билим берүү жана диний-маданий инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштер жүрүп жатат. 2025-жылы  «Имам Сарахсий» көп функционалдуу билим берүү борборунун курулушу  башталган.

Өзгөн районунун приоритеттүү өнүгүү потенциалы:

  • Айыл чарбасы: — Райондун дүң продукциясынын туруктуу өсүү темпин айыл чарбасы камсыз кылат.  Өзгөн күрүчү – Өзгөн районунун негизги товардык белгиси. Кыргыз жана Орто Азия ашканасында күрүч көптөгөн тамактардын  негизги компоненти болуп саналат. -Айыл чарба тармагына туруктуу суроо – талаптын негизинде кайра иштетүүгө өбөлгө жаралат жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө жол ачылат. -Жаңы технологияларды колдонуу менен айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү. -Экологиялык таза продукциялар менен алектенген майда өндүрүүчүлөрдү колдоо.
  • Пайдалуу кендерди казуу тармагы: -Таш көмүр кендерин казуу. Өзгөн көмүр бассейни – Өзгөн көмүр бассейни республикадагы эң ири көмүр бассейндеринин бири болуп саналат. Ал жогорку сапаттагы көмүрү менен айырмаланат: Запасы жалпысынан 456,8 млн. тоннаны түзөт.-Көмүр кенин колдонуучулардын саны көбөйүп, өндүрүштүн көлөмү жогорулагандыктан көмүр отунуна болгон суроо – талаптын көбөйүүдө.-Сары таш(ракушечник) таш кенин казуу.  Жалпак-Таш айыл аймагында ири табигый сары таш(ракушечник) кени (запасы 14,2 млн. куб.м) жайгашкан.  Сары таштан жасалган материалдар курулуш объектилердин сыртын каптоодо жана жасалгалоодо кеңири колдонулат. Курулуш тармагында сары ташын(ракушечник) колдонуучулардын саны көбөйүп, өндүрүштүн көлөмү жогорулагандыктан сары ташка болгон суроо – талаптын көбөйүүдө.
  • Өнөр жай жана кайра иштетүү: -Жыл сайын 13төн кем эмес өнөр жай ишканалары ачылууда.
  • Туризм тармагы: —Өзгөн шаарында Өзгөн архитектуралык-тарыхый комплекси. жайгашкан. Караханиддер доорунда курулган комплекстин эстеликтери уникалдуу тарыхый-маданий мурас болуп саналат.  Ошондой эле, Өзгөн шаарында Ислам дүйнөсүнө таанымал белгилүү аалым Имам Сарахсинин күмбөзү жайгашкан. Күмбөзгө Түрк мамлекетинен жана Араб өлкөлөрүнөн зыярат кылууга келген жарандардын саны арбууда.

         —Өзгөн районунун аймагында туристтик аймактар ​​болуп саналган Кара-Шоро улуттук жаратылыш паркы жайгашкан. Райондун жана жакынкы чет өлкөлөрдүн(Өзбекистан) тургундары жана туристтер жайкы эс алуусун тоонун боорлорунда өткөрүп, “Кара-Шоро” табигый дары суу булагынан пайдаланышат.

  • Соода: -Өзгөн району географиялык жайгашуусу боюнча Бишкек-Ош  Жибек жолунда жайгашып, соода экономикасын өнүктүрүүгө толук шарттар бар.