КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри К.К. Чыныбаев иш сапарынын алкагында Өзгөн районуна келди.
Иш сапардын жүрүшүндө министр Өзгөн райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн имараты менен таанышып, өздүк курамдын даярдыгын жана иш шарттарын карап чыкты. Мындан сырткары, ал “Кара-Дарыя” дарыясынын жээгин бекемдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан коргоо иштерин жеринде көрдү. Ошондой эле район башчысы – акими К.Апбасовдун кайрылуусунун негизинде Өзгөн шаарынын таза суу насостук кампасын Кара-Дарыя дарыясынын суусунан коргоо максатында 200 метр дамба курууга керектелүүчү каржы маселеси чечилди.Бул иш сапар район аймагында аткарылып жаткан иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле алдыдагы негизги милдеттерди тактоого өбөлгө түзөт.
