ТАЗА АЙМАК ӨНҮГҮҮНҮН БАШАТЫ
Өзгөн районунун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулуп, масштабдуу тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, район акими Каныбек Апбасов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-уюмдардын кызматкерлери жана тургундар активдүү катышты.Ишембиликтин алкагында негизги жана ички жолдордун жээктери таштандылардан тазаланып, айлана-чөйрө ирээтке келтирилди. Ошондой эле жол боюндагы тосмолор, бордюрлар жана дарактардын түптөрү акталып, сырдоо иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары коомдук жайлар, эс алуу аймактары жана социалдык объекттердин айланасы тазаланып, жашылдандыруу иштерине да көңүл бурулду. Атайын кызматтар тарабынан таштандылар чыгарылып, санитардык абалды жакшыртуу боюнча комплекстүү иштер аткарылды.
Маалыматка ылайык, мындай ишембиликтер аймакты таза кармоо, экологиялык абалды жакшыртуу жана тургундардын жаратылышка болгон жоопкерчилигин жогорулатуу максатында үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.
