ӨЗГӨНДӨ 1-МАЙ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНҮҮДӨ

0
Өзгөн шаарында 1-Май — Эмгек майрамы белгиленүүдө. Майрамдык иш-чараны Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов ачты.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев сөз сүйлөп, тургундарды майрам менен куттуктады. Ошондой эле башка чакырылган коноктор да куттуктоолорун билдиришти.
Майрамдык саамалык спорттук мелдештерди, улуттук оюндарды жана концерттик программаны камтыды. Иш-чара шаар тургундарынын катышуусунда өттү.
1-Май — эмгекчилердин майрамы катары жыл сайын белгиленип келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *