ӨЗГӨНДӨ СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ИШТЕРИ УЛАНУУДА

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Өзгөн районуна иш сапары менен келди.
Иш сапардын алкагында министр район акими Каныбек Апбасов менен биргеликте селден жабыркаган аймактарды жеринен көрүп, жүргүзүлүп жаткан калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Мырза-Аке айылынын Кирпичный участкасында сел тосмо куруу иштери аткарылат. Ошондой эле Төрт-Көл айыл аймагынын Жылалды айылында сел каналдарынын жээктерин бекемдөө иштери пландалууда.
Тиешелүү кызматтар тарабынан селдин кесепеттерин жоюу жана кооптуу аймактарда алдын алуу чараларын күчөтүү боюнча иштер улантылууда.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 25-майга караган түнү саат 02:10дор чамасында жааган жамгырдан улам Өзгөн районунун айрым аймактарында сел жүргөн.
-Кароол айыл аймагындагы Кароол айылында 20 турак жай жабыркап, 18 үйдүн жер төлөсүнө жана 2 үйдүн короосуна суу кирген. Мырзарык айылында 8 турак жай жабыркап, анын 5инин жер төлөсүн, 3 үйдүн короосун сел каптаган.
-Баш-Дөбө айыл аймагындагы Кош-Коргон айылында 6 турак жай жабыркаса, Кашка-Терек айылында 12 турак жайга суу кирген.
-Өзгөн шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө 8 турак жай жабыркаган.
Ошондой эле Төрт-Көл айыл аймагынын Жыланды айылында колоттон келген сел суулары каналдан ашып, 10 турак жайды каптаган.

