Күнүнө 5 тонна күрүч таңгактоочу жаңы логистикалык борбор ишке кирди

0
       Бүгүн, 6-июнь күнү Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагында күрүч таңгактоочу логистикалык борбордун ачылыш аземи болду.
       Ачылышка, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана Өзгөн РМАнын башчысы-аким Каныбек Апбасов жана жергиликтүү тургундар катышты.
Долбоор тууралуу:
        Курулуш: 2025-жылдын августунда башталган. Ишти ОсОО «Сансызбай» жүргүзгөн.
Бюджет: Жалпы 14 млн 790 миң 786 сом.
Ош облусун өнүктүрүү фонду — 10 млн 225 миң сом
Өзгөн районун өнүктүрүү фонду — 2 млн 565 миң сом
Жергиликтүү бюджет — 2 млн сом
Жабдуулар: АРИСтин CASA-1000 долбоорунун алкагында 6 млн 800 миң сомго заманбап жабдуулар алынган.
Мүмкүнчүлүк: Логистикалык борбор суткасына 5 тонна күрүчтү тазалап, вакуумдук таңгактоого жөндөмдүү. Дыйкандар өндүргөн күрүчтү даяр продукция катары рынокко чыгара алышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *