АЛЧА-БАШАТ АЙЫЛЫНДА ТУРГУНДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

0
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов Жалпак-Таш айыл аймагынын Алча-Башат айылынын тургундары менен жолугушуп, айылдагы көйгөйлүү маселелерди талкуулады.
Жолугушууда жергиликтүү тургундар тарабынан бала бакча ачуу, ошондой эле айыл жаштарынын демилгеси менен курулган күрөш залына керектүү спорттук жабдууларды жана эмеректерди алуу маселелери көтөрүлдү.
Аким бала бакча ачуу үчүн зарыл болгон талаптарды жана шарттарды айыл өкмөтү тарабынан тактап, тиешелүү уюштуруу иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, күрөш залына керектүү эмеректерди жана жабдууларды сатып алуу маселесин райондук өнүктүрүү фонду аркылуу чечүүгө көмөктөшөрүн билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө айыл тургундарынын сунуш-пикирлери угулуп, көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *