6 декабря, 2025

Транспорт жана коммуникация министри Өзгөндө

0

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министри Сыргабаев А.Т. өзүнүн иш сапарынын алкагында Өзгөн районуна келди. Иш сапарынын жүрүшүндө транспорт министри , Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов менен биргеликте райондун аймагындагы көйгөй жараткан жолдордун абалы жана Өзгөн шаарынын айланып өтүүчү жолунун курулушу менен таанышып, көйгөйлөрдү чечүү боюнча тиешелүү иштер алып барылаары айтылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *