МУГАЛИМДЕРИБИЗ ИЙГИЛИКТЕРДИ БАГЫНДЫРДЫ
Өзгөн районунда жакшы жетишкендиктер орун алды. Тагыраагы республикалык кароо сынактан Тагай Асранов атындагы инновациялык орто мектебинин «диндердин өнугуу тарыхы» предметинин мугалими Сайрагүл Көчкөнбаева жана Азирет Заидов №14 Абдулла Тангатаров атындагы интернет гимназиянын тарых мугалими “Жылдын мыкты мугалими” номанциясына татыды. Аны менен катар Наристе балдар бакчасынын тарбиячысы Акылзат Абдималикова “Жылдын мыкты тарбиячысы” кароо-сынагына катышып, “Мыкты усулчу” номинациясы боюнча 2-орунга ээ болду. Бул биз үчүн сыймык, бар болуңуздар!
Агартууда эмгектенген жалпы кесип ээлери, сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!
Сиздер билимдин жарыгын чачып, келечектин түптөлүшүндө чечүүчү ролду ойногон чыныгы каармандарсыздар. Ар бир окуучунун жан дүйнөсүнө жылуулук тартуулап, акыл менен руханий байлыктын жолун көрсөтүп келе жатасыздар. Мээримдүү көз карашыңыздар, ар бир сабакка болгон берилгениңиздер келечек муунду шыктандырып, чоң ийгиликтерге жеткирет. Ишиңиздерде жаңы мүмкүнчүлүктөр, бекем ден соолук каалайм!
Терең урматтоо менен, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов

