6 декабря, 2025

Өзгөн шаарынын ишкерлери менен жыйын өткөрүлдү

0

Өзгөн районунун прокуратурасы тарабынан Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын, Мамлекеттик салык кызматынын жана Өзгөн шаардык мэриясынын жеткчилеринин, ошондой эле жеке ишкерлердин катышуусунда ишкердик субъектилеринин укуктарын коргоо максатында жыйын өткөрүлдү.
Жыйында ишкерлердин укугун коргоо, ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, укук коргоо, салык жана башка контролдооочу органдар тарабынан ишкердик субъектилердин ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишүү, мыйзамсыз текшерүү фактыларын болтурбоо, мындай учурлар аныкталган учурда күнөлүү кызмат адамдарынын жоопкерчиликке тартылуусу талкууланды.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин 09.01.2024-жылдагы №1 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салынуу (мараторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгы жана ага киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө, контролдоочу органдар тарабынан текшерүүлөр автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу прокуратура органдарынан каттоодон өткөндөн соң жүргүзүлөөрү, катталбаган текшерүүлөр мыйзамсыз жана жыйынтыктары жараксыз экендиги, «Бизнести коргоо» мобилдик тиркемеси тууралуу кеңири маалыматтар келгендерге жеткирилип, тийиштүү видеороликтер көрсөтүлдү. Жолугушуу суроо-жооптор менен коштолуп, жеке ишкерлер пайдалуу маалыматтарды ала алышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *