6 декабря, 2025

ТЕХНИКАЛЫК БАЗА ЧЫҢАЛУУДА!

0
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн карамагындагы Тилекматов Токтосун атындагы муниципалдык ишкананы район акими Каныбек Апбасов жеринен көрдү. Учурда аталган ишканада 5 техника жана 12 даана түрдүү шайман бар. Ишканада жалпы 12 кызматкер эмгектенет. Таза суу, жайыт жана сугат суу маселелери бирдиктүү чечилип, толук шарттар түзүлгөн.
Муниципалдык ишкананын жалпы бюджети 4 миллион сомду түзөт. 2025-жылдын апрель айында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 миллион сомго жаңы экскаватор сатып алынып, ал бир айдын ичинде эле ишканага 60 миң сом киреше алып келди.
Жакынкы күндөрү, июнь айында, мамлекеттик ипотека программасынын алкагында жалпы баасы 6 миллион сом болгон жаңы комбайн келери күтүлүүдө. Ага ылайык, райондук өнүктүрүү фондунан 1,5 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Район акими Каныбек Апбасовдун тапшырмасы менен ишкананын базасында Машина-трактор станциясы (МТС) уюштурулду.
____________
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *