КАЙРА ЖАРАЛУУЧУ ЭНЕРГИЯНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ

0
      Түркиялык инвесторлор Өзгөн районуна иш сапары менен келип, кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүүгө багытталган долбоорун сунушташты. Демилге күн нурунан электр энергиясын өндүргөн заманбап панелдерди орнотуу аркылуу социалдык объектилерди туруктуу жана үнөмдүү электр энергиясы менен камсыздоону көздөйт.
      Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов бул долбоорду колдоп, пилоттук негизде Мырза-Аке айыл аймагындагы Калмурзаев атындагы орто мектепти биринчи объект катары сунуштады. Мектепте орнотулган күн панелдери сыноодон өткөрүлүп, натыйжалуу болсо, тажрыйба район боюнча башка мектептерге, бала бакчаларга жана медициналык мекемелерге жайылтылат.
Долбоор электр энергиясына кеткен чыгымдарды кыскартып, экологиялык таза энергияны колдонууга жана Өзгөндө кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *