ЭЛДИК ЖЫЙЫНДАР ӨТТҮ
Өзгөн районунун баардык айыл аймактарында элдик жыйындар өткөрүлүп, анда жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү ачык талкууланды. Жыйындарга район акими Каныбек Апбасов, укук коргоо органдарынын жетекчилери жана тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилери катышты.Эл менен жолугушууда алгач 2025-жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу маалымат берилди. Андан соң тургундар тарабынан жолдордун абалы, таза суу менен камсыз кылуу, жайыт тартыштыгы, электр мамычаларын жана трансформаторлорду жаңылоо, таштанды таштоочу жайларды уюштуруу, турак жай куруу үчүн жер тилкелерине болгон муктаждык, маданият үйлөрүн оңдоо жана балдар бакчаларын ачуу маселелери көтөрүлдү.
Район башчысы Каныбек Апбасов ар бир сунуш-пикир, көйгөйлүү маселелерди чечүү аракетин көрөрүн белгилеп, көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди. Элдик жыйындар аймактарды өнүктүрүүгө багытталган ачык диалогдун дагы бир мисалы болду.


