ИШКЕРЛЕР МЕНЕН ЖЫЙЫН ӨТТҮ

0
     
         Бүгүн Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында, район аймагындагы жеке ишкерлердин катышуусунда жыйын өткөрүлдү.
          Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлердин укуктарын коргоо, ишкердикти өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүү, укук коргоо, салык жана башка көзөмөлдөөчү органдар тарабынан негизсиз кийлигишүүлөрдү жана мыйзамсыз текшерүүлөрдү болтурбоо маселелери талкууланды.
Жыйын суроо-жооп форматында өтүп, ишкерлер тарабынан көтөрүлгөн маселелерге тиешелүү адистер жооп беришти. Ошондой эле Айыл Банк жана Элдик Банк аркылуу жеңилдетилген насыяларды алуу тартиби боюнча кеңири маалымат берилди.
Район акими Каныбек Апбасов мамлекет тарабынан ишкерлик чөйрөсүндө мыйзамсыз тоскоолдуктарды жоюу жана ишкерлердин укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо багытында системалуу иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Мыйзамсыз текшерүү учурлары аныкталса, күнөөлүү кызмат адамдары мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын билдирди. Аны менен катар ишкерлерди ар тараптуу колдоого даяр экенин айтып, өз ара кызматташтыкты чыңдоого чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *