Үй-бүлө коопсуздугу жана балдардын укуктарын коргоо–артыкчылыктуу багыт

0
Өзгөн районунда үй-бүлө коопсуздугун камсыздоо жана балдардын укуктарын коргоо багытында жыйын өткөрүлдү.
Иш-чарага акимдин орун басары Максатбек Ибраимов, Өзгөн районунун прокурору Мирлан Токпаев, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Кабыл Искаков, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрү, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык кызматкерлери, райондук имам-хатиб, аялдар кеңештеринин төрайымдары, мектептердин тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары жана социалдык педагогдор катышты.
Талкуунун жүрүшүндө үй-бүлө коопсуздугун камсыздоо, балдардын укуктарын коргоо жана коопсуз чөйрө түзүү боюнча коомдогу актуалдуу маселелер көтөрүлүп, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Максаты балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштердин абалын кароо, балдарга карата зомбулуктун алдын алуу чараларын күчөтүү жана мыйзам алдындагы жоопкерчилик болуп саналат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *