8-Март—Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоосу
Кымбаттуу апалар, асылзат айымдар!Сиздерди 8-Март—Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Аялзаты—үй-бүлөнүн куту, коомдун көркү, турмуштун жарыгы. Сиздердин мээримиңиздер, сабырыңыздар жана эмгегиңиздер менен ар бир үйдө жылуулук, ар бир коомдо ырааттуулук орнойт. Энелик мээрим, акылман кеңеш, талыкпас аракет аркылуу өлкөбүздүн жана райондун өнүгүшүнө кошуп жаткан салымыңыздар баа жеткис.
Өзгөн жергесинин ар бир ийгилигинин артында сиздердин эмгегиңиздер, тарбияңыздар жана колдооңуздар бар экенин өзгөчө белгилегим келет. Сиздер коомдун бардык тармагында жигердүү иштеп, үй-бүлө менен кызматты айкалыштырып, чыныгы күчтүүлүктүн жана сабырдуулуктун үлгүсүн көрсөтүп келесиздер. Бул майрам сиздерге кубаныч, жылуулук жана жакшы маанай тартууласын. Ар бир үйдө бакыт, береке, ынтымак өкүм сүрүп, жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин. Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана бардык жакшылыктарды каалайм!
Терең урматтоо менен,
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов
