ӨЗГӨН БОРБОРДУК БАЗАРЫНЫН КУРУЛУШУ ЖАКЫНКЫ КҮНДӨРҮ БАШТАЛАТ
Бүгүн, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов Төрт-Көл айыл аймагында жаңыдан курулушу башталуучу “Береке” базары менен таанышты. Ал жаңы базардын долбоорун карап чыгып, анын өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурду.Учурда жаңы базардын курулуучу жерин мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштери кызуу жүрүп, базардын аймагы тосуу иштери башталды.
Район акими негизги артыкчылык элге ыңгайлуу шарт түзүү экенин, авто тыгынды жоюуну белгилеп, курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ошондой эле тиешелүү адистерге бир катар милдеттерди жүктөдү.
