Балдарды коргоо күнү Өзгөн районунун Марат Разаков атындагы жетим балдар үйүндө белгиленди

0
1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Өзгөн районундагы Марат Разаков атындагы жатак-мектеп интернатында майрамдык жолугушуу өттү.
Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, район акими Каныбек Апбасов жана мекеме-уюм жетекчилери катышты. Бүгүнкү күндө интернатта 173 бала тарбияланууда.
Коноктор балдарга белектерди тапшырып, алардын концерттик программасын көрүштү. Жолугушууда жетекчилер тарбиялануучулар менен эркин баарлашып, каалоо-тилектерин угуп, бирге түшкү тамакка катышышты.
Аманкан Кенжебаев өз сөзүндө балдар мамлекеттин байлыгы жана келечеги экенин белгилеп, мекенчил, билимдүү болуп өсүүгө чакырды. Мамлекет балдарды колдоо жана укуктарын коргоого дайым өзгөчө көңүл бурууда.
Балдардын бактылуу келечеги – өлкөнүн жаркын келечеги!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *