УКУК БУЗУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ

0
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясында укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча координациялык кеңешменин кезектеги жыйыны өттү.
Жыйында өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, айыл аймактарында алкоголдук ичимдиктердин сатылышына чектөө коюу, ошондой эле жол жээктеринде жайгашкан мектептердин айланасына окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жөө өтмөктөрдү (полосаларды) сызуу маселелери талкууланды.
Координациялык кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө конкреттүү тапшырмалар берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *