ЭЛДИК ЖЫЙЫН КУТУРГАН АЙЫЛЫНДА ӨТТҮ
Өзгөн районунун Жазы айыл аймагынын Кутурган айылындагы Келдибаев атындагы орто мектебинде район акими Каныбек Апбасов, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Н.Буркановдун катышуусунда элдик жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга жергиликтүү тургундар, тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери катышты. Жолугушууда коомдук коопсуздук, мыйзамдуулукту сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы иштер тууралуу маалымат берилди.
