ӨРТТҮН АЛДЫН АЛУУ
Өзгөн райондук ӨКБнүн Өрттөн алдын алуу бөлүмү тарабынан Өзгөн шаарынын Мирзарахимов көчөсүндөгү 8 коомдук тамактануучу жайда өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
“Азимжан-Ата”, “Такчы”, “Султан-Ата”, “София”, “Фаиз”, “Садаф”, “Төрт-Көчө” жана “Рахматилло” кафелеринде жалпысынан 78 кызматкерге нускама өтүлүп, өрт коопсуздук эрежелери түшүндүрүлдү.
Иш-чаранын максаты өрт кырсыктарынын алдын алуу жана коомдук жайларда коопсуздукту камсыз кылуу болуп саналат.

